Улуттук онкология борборуна 1 млн евролук эки аппарат сатып алынды
RU

Улуттук онкология борборуна 1 млн евролук эки аппарат сатып алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүнө бейтаптарды нур терапиясы менен дарылоо үчүн эки жаңы аппарат сатып алынды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Гүлнара Баатырова аталган ооруканага барып, жабдууларды карап чыгып адистердин иши менен таанышкан. Аппараттардын жалпы баасы 1 миллион 400 еврону түзөт.

"Тиешелүү дарыгерлер, инженерлер, физиктер окутуудан өткөрүлдү. Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүндө жыл сайын гинекологиялык оорулар менен жабыркаган 300 аял дарыланып келген. Дагы эки жаңы аппараттын орнотулушу менен гинекологиялык гана эмес, башка оорулар менен да келген бейтаптарыбызга көрсөтүлгөн нур терапиясынын көлөмүн көбөйтө алабыз", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле борбордун поликлиникасын оңдоого бюджеттен 31 миллион сом бөлүнгөнүн, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталары айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11280