30 батир жана эки жер тилкеси кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз менчикке берилип кеткен
RU

30 батир жана эки жер тилкеси кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз менчикке берилип кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай шаарындагы "Кадамжай-Коммунальщик" мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 га түзгөн эки жер тилкеси ушул эле ишкананын жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Башкача айтканда, аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен. Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди.

Андан сырткары, тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1296