Чүйдө 11 жаштагы окуучуга жогорку класстын балдары ыплас иш кылганы айтылды
RU

Чүйдө 11 жаштагы окуучуга жогорку класстын балдары ыплас иш кылганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун тургуну 11 жаштагы уулуна жогорку класстын окуучулары тарабынан ыплас аракеттер болгонун, бирок буга тергөөчүлөр тиешелүү чара көргөн эмес деп арызданды. Ал бул туурасында аймактык өкүлчүлүк менен болгон жолугушууда айтып чыкты.

Эненин айтымында, ыплас иш-аракет жасаган 6-класстын эки окуучусу окуяны видеого тартып, аны башка окуучуларга көрсөтүп, 11 жаштагы уулун шылдыңдашкан.

"Айтууга да тил барбайт, 4-класстагы уулума 6-класстын эки окуучусу өздөрүнүн уяттуу жерлерин өптүрүшкөн. Суукка карабастан, уулум уятынан чачын муздак суу менен жууп кирген. Биз РИИБге арыз жазууга бардык. Кечке күттүрүп бизден сурак алды, ал жактан өзүмдүн оюм менен эмес, тергөөчүнүн айтканы менен арыз жаздым. Ал дароо экспертиза дайындаган жок. Кийинчерээк барганда тергөөчү документтерди бериши керек болчу дешти. Мен тергөөчүдөн эмне үчүн өз милдеттерин аткарбай жатканын сураганда, кызматкер "мага ыраазы болбосоң прокуратурага арызданып ал" деди", - дейт окуучунун апасы.

Ошондон кийин тергөөчүнүн үстүнөн прокуратурага арыз жазылган. Окуучунун энеси кошумчалагандай, жолугушууга жолдошу экөө келген. Бирок жолдошун РИИБдин жетекчиси, башка кызматкерлери 1 мүнөткө деп сыртка чакырып кетип, 10 мүнөттөн бери келе электигин айткан.

Өз кезегинде Чүй райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери шектүүлөр 14 жашка чыга элек болгондуктан кылмыш иши козголбогон деп түшүндүрдү. 6-класстын окуучулары онлайн окууга жөнөтүлүп, ата-энелерине протокол түзүлүп, айып пул салынганын билдирди.

Чүй ОИИББден 29-мартта Искра айылынын тургуну миицияга кайрылганын ырастады.

Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя 25-мартта саат 21:30 чамасында мечиттин жанындагы курулуп жаткан имаратта болгону аныкталган. 2013-жылы туулган А.А. жана М.Ж. аттуу балдар 2015-жылы туулган айылдашын адепсиз аракеттерди жасоого мажбурлашкан.

Тергөөнүн алкагында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр 14 жашка чыга элек болгондуктан, кылмыш иши козголгон эмес. Бирок, алар каттоого алынганы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17830