Ипотекалык компания суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди. Видео
RU

Ипотекалык компания суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик ипотекалык компания Каракол шаарындагы нөшөрлүү жаандан кийин суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди. Компаниядан төрт имаратты суу каптаганын айтты.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, дренаждык түтүктөрдүн жана суу лотокторунун таштандыга толуп калганы негизги себептердин бири болгон. Системаны тазалоо учурунда ар кандай тиричилик калдыктары табылып, суунун кадимки агымына тоскоол болгон", - дешет компаниядан.

Натыйжада чатырда суу топтолуп калган.

Компания окуянын кесепеттерин күчөтүлгөн тартипте жоюп жатканын жана жабыркаган батирлерди өз каражатынын эсебинен калыбына келтирерин билдирди.

Белгилесек, Каракол шаарында курулган ипотекалык үйлөр 2025-жылы Эгемендик майрамын утурлай пайдаланууга берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17850