Өтө оор кылмышка шектүүнүн жазасын жеңилдеткен сотторго, прокурорго өкүм чыкты
RU

Өтө оор кылмышка шектүүнүн жазасын жеңилдеткен сотторго, прокурорго өкүм чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өтө оор кылмыштарга шектелип кармалып, кийин тергөө абагында каза болгон Кумарбек Абдыровдун жазасын жеңилдеткен мурдагы сотторго өкүм чыкты.

Биринчи Май райондук сотунан белгилешкендей, экс-судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы, Сания Бранчаева, ошондой эле мурдагы прокурор Диляр Мамбетов менен адвокат Сагын Жунусов күнөөлүү деп табылды.

"Мурдагы судьялар атайылап адилетсиз чечимдерди кабыл алган, прокурор кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, ал эми адвокат алдамчылык кылган деп айыпталган. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу алар жазадан бошотулган", - дешет соттон.

Эске салсак, 2025-жылы сентябрь айында Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева аттуу кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Тергөө кыз пляждын жанындагы алма бакта зордукталып, андан кийин Кажы-Сай айылынын жанында муунтуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Шектүү катары мурда соттолгон 41 жаштагы Кумарбек Абдыров кармалган. Тергөөдө ал буга чейин да кош бойлуу аялды жана Камила Дүйшебаеваны зордуктап, өлтүргөнүн мойнуна алган.

Мурдагы кылмыштардын бири боюнча Абдыров соттолгон, бирок жеңил жаза алган. Тергөөнүн версиясына ылайык, шектүү адвокат аркылуу Бишкек шаардык сотунун судьяларына 10 миң доллар пара берип, анын негизинде жазасы жеңилдетилген.

2026-жылдын февраль айында Кумарбек Абдыров №1 тергөө абагында өз жанын кыйганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17867