Ошто 21 жаштагы келин асынган абалда табылды
RU

Ошто 21 жаштагы келин асынган абалда табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 21 жаштагы келин асынган абалда табылды. Маалыматты облустук милициядан ырасташты.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнө 22-майда саат 00:30 чамасында аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 2005-жылы туулган А.А.нын өлүмү тууралуу кабар берилген.

"Баштапкы тергөө иштери келин өзү жашаган үйдө суицид жасаганын аныктады. Милиция кызматкерлери окуянын күбөлөрүн суракка алып, сөөктү карап чыкты", - дешет башкармалыктан.

Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17880