Депутат Найман суу сактагычына эки бала чөккөнүн айтты
RU

Депутат Найман суу сактагычына эки бала чөккөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусундагы Найман суу сактагычына адамдар чөгүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Депутаттын айтымында, Найман суу сактагычы Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык округунда жайгашкан.

"Акыркы бир жуманын ичинде эки бала чөгүп, бүгүн бирөөнүн сөөгү табылыптыр. Ал жакта адамдар эс алып, тор жайып балык кармап жатышат дейт. Ким уруксат берди? Эгер эс алганга уруксат берилсе анда коопсуздугу да каралышы керек болчу да", - деди Өмүрзаков.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйында отурган өкүлү депутатка маалымат берерин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17896