Баткенде 17 жаштагы окуучу муштум жеп каза тапты
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 17 жаштагы окуучу муштум жегенден кийин каза тапты. Бул тууралуу редакцияга Баткен ОИИБден ырасташты.
Башкармылктын маалыматында, 27-майда Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы сейил бакта эки окуучунун ортосунда пикир келишпестик чыкканы айтылат.
Анда 2010-жылы туулган М.Б. аттуу өспүрүм 2009-жылы туулган Т.Т.ны урганда, ал эсин жоготуп жыгылып, "Тез жардам" келгенге чейин каза болгону такталган.
Бул факты боюнча 130-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, 16 жаштагы М.Б. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми окуя болгон учурда балдардын жанында жүргөн окуучулардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
