Чикагодо 24 жаштагы кыргызстандык авариядан каза болду
666
АКШда 24 жаштагы кыргызстандык жигит автокырсыктан каза болду. Тышкы иштер министрлиги оккя боюнча билдирүү таратты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлүмгө эки автоунаанын кагылышуусу себеп болгон.
"Учурда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча зарыл чараларды көрүп, каза болгон жарандын жакындары жана Кошмо Штаттардын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилесек, КТРКнын мурдагы башкы директору, учурда АКШда жашаган Кубат Оторбаевдин айтымында, Б.Ж. үч жыл мурун ата-энеси жана үй-бүлөсү менен АКШга көчүп барган. Маркумдун сөөгү 28-майда АКШда коюлган.
Башкы беттеги сүрөт Кубат Оторбаевдин баракчасынан алынды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17908
