Германияда 24 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү көлдөн табылды
971
Германиянын Боден көлүнөн 24 жаштагы кыргызстандыктын жансыз денеси табылган. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кыздын сөөгү 1-июнда аныкталган.
Учурда 2002-жылы туулган С.А. аттуу кыздын сөөгүн мекенине репатриациялоо үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча аталган өлкөнүн компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүдө жана каза болгон жарандын туугандары менен тынымсыз байланышта экени айтылды.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17957
