Бишкектин борбордук аянтында апта сайын музыкалык кечелер өтүп турат
RU

Бишкектин борбордук аянтында апта сайын музыкалык кечелер өтүп турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жайкы мезгилде ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлап, калаа тургундарын жана конокторун иш-чарага чакырды.

Белгилүү болгондой, ар аптанын жума жана ишемби күндөрү "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандардын жанында Кыргызстандын музыкалык жана маданий мурасын чагылдырган белгилүү чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар уюштурулат.

Алгачкы музыкалык кече 5-июнда саат 19:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн улуттук музыкалык салттарды жана заманбап өзгөчө концерттик программасы менен "Кыргыз Руху" эстрадалык-фольклордук ансамбли концерттик программасын тартуулайт.

Маданий программа 6-июнда саат 19:00дө "Семетей" ансамблинин концерти менен уланат.

Мэриядан ачык асман алдындагы музыкалык кечелер жакындар менен убакыт өткөрүү, жандуу музыкадан ырахат алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17958