Министрлик селден 18 жаштагы жигит каза болгонун маалымдады
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусундагы сел боюнча маалымат таратып, 18 жаштагы жигит каза болгонун ырастады.
Маалым болгондой, 5-июнда саат 20:00 чамасында жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшкөн. Ал сел сууларына кошулуп, баткак түрүндөгү ылай Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 92-чакырымында Mercedes Sprinter жана Ford Mondeo унааларын, 2 кишини басып калган.
Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган жигиттин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери куткаруучулар тарабынан уланууда.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, облус башчысы Бакытбек Жетигенов тарабынан абал көзөмөлгө алынууда.
Куткаруу ишине жалпы 291 адам жана 20 инженердик техника тартылган.
Учурда селдин калдыктарын тазалооо иши уланууда. Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолу эки тараптуу ачык.
