Бишкекте 35 жаштагы киши аялын сабаганга шектелди
RU

Бишкекте 35 жаштагы киши аялын сабаганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Октябрь РИИБден шектүү кармалганын билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 5-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын 4-кичи районунда жайгашкан батирде үй-бүлөлүк чыр-чатак орун алып, жолдошу аялынын денесине залал келтирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1991-жылы туулган О.Ж. кармалган. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүгө карата бир ай мөөнөткө №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17970