Президент Караколдогу суу каптаган ипотекалык үйлөрдөгү кемчиликтер толукталарын айтты
Садыр Жапаров курулуш иштерине көзөмөл кескин күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганын айтты. Бул тууралуу ал Ош шаарындагы көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып билдирди.
Өлкө башчы Караколдогу турак жайдын чатырынан суу аккан окуяга токтолуп, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.
"Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да", - деген ал.
Президент өз сөзүндө курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат деп белгиледи. "Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек", - деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, нөшөрлөп жааган жаандан улам Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган. Ипотекалык компания батирлерди, подъезддерди суу каптоонун бирден-бир себебин түтүктөргө таштанды толуп калганы менен байланыштырган.

