Бишкекте дарак кулап, 23 жаштагы кыз жаракат алды
95
Бишкекте катуу шамалдан улам дарак кулап, 23 жаштагы кыз жабыркады. Маалыматты Kaktus.media сайтына шаардык тез жардам кызматынан ырастап, жабыркаган кыздын акыреги сынганын билдиришти.
Кырсык кечээ, 10-июнда катуу шамал учурунда Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылган.
Белгилесек, катуу шамалдын кесепетинен Бишкектин бир катар жерлеринде дарактар кулап, "Ала-Тоо" аянтындагы башкы желек айрылып, чатырларды учурган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17998
