Бишкекте 49 жаштагы киши бийик имараттан кулап каза тапты
79
Бишкекте 49 жаштагы киши көп кабаттуу имараттан кулап каза болду. Маалыматты Kaktus.media сайтына Октябрь райондук милиция бөлүмүнөн тастыкташты.
Кечээ, 10-июнда милициянын 102 кызматына Көк-Жар айылында эркек адам бийиктиктен кулаганы тууралуу маалымат түшкөн.
Тема боюнча:
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кулаган киши 1977-жылы туулган К.У. экени такталган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18001
