Түндө 3 адамдын ортосунда чыр чыгып, бири оюнчук курал менен коркуткан
599
Бишкекте 3 жарандын ортосунда чыр чыгып, бири оюнчук курал менен коркуткан. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан окуянын катышуучулары кармалганын маалымдады.
Окуя 12-июнга караган түнү Ч. Валиханов көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде болгон. Күбөлөр окуяны видеого тартып алышкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1998-жылы туулган С.Т., 1999-жылы туулган Т.К. жана 1998-жылы туулган А.С. аттуу жарандар аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Видеодогу куралга окшош буюм оюнчук экени аныкталган.
Кармалган жарандарга карата 126-берене (майда бейбаштык) менен тиешелүү протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18008