Жеке банктык картага кайрымдуулук каражатын чогултууга тыюу салуу сунушталды
Депутат Улукбек Карыбек уулу мамлекеттик кайрымдуулук порталын түзүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечи белгилегендей, интернет жана мобилдик тиркемелер аркылуу жеке банктык карталарга көзөмөлсүз акча чогултуу көбөйгөндүктөн, чогулган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча ачык-айкын отчёттуулук жок.
Мындай жагдай алдамчылык аракеттерге шарт түзүп, оорукчан балдардын атын жамынып, жарандардын кайрымдуулук каражаттарын жеке кызыкчылыгына колдонгондорго мүмкүнчүлүк жаратууда деп белгиленет долбоордо.
Ошондуктан жеке банктык карталарга акча чогултуу практикасынан баш тартып, мамлекеттик санариптик портал түзүүнү жана кайрымдуулук каражаттарынын кыймылына банктык көзөмөлдү киргизүүнү сунуштайт. Ага ылайык:
- Кайрымдуулук каражаттарын чогултуу үчүн коммерциялык банкта атайын максаттуу эсеп ачуу милдеттүү болот. Бул эсепке түшкөн акчаны жеке муктаждыктарга же кайрымдуулукка тиешеси жок башка максаттарга колдонууга тыюу салынат.
- Кайрымдуулук каражаттарын чогулткан адамдар мамлекеттик кайрымдуулук порталында каттоодон өтүп, ар квартал сайын электрондук отчёт тапшырып турууга милдеттүү болушат.
- Эгерде чогулган каражаттар коюлган максатка пайдаланылбай калса (мисалы, алуучунун каза болушу, дарылоодон баш тартуусу же керектүүдөн ашыкча каражат чогулушу), калган акча донорлордун макулдугу менен окшош кайрымдуулук максаттарына багытталышы же алардын салымына жараша кайтарылып берилиши керектиги сунушталууда.
Бул шарттар кайрымдуулук жыйноо башталганга чейин коомчулукка милдеттүү түрдө маалымдалууга тийиш.
Депутат ошондой эле Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, кайрымдуулук ишмердүүлүгү деген шылтоо менен жасалган алдамчылык үчүн 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасын киргизүүнү сунуштоодо.
