Өзгөндө 23 жаштагы жаран классташынын өлүмүнө шектелди
380
Ош облусунун Өзгөн районунда 23 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, 15-июнда саат 23:00 чамасында 2003-жылы туулган Т.Р. жана 2004-жылы туулган Э.С. аттуу классташтар жолугушкан. Сүйлөшүү учурунда пикир келишпестик жаралган. Ошол маалда Т.Р. колундагы учтуу нерсе менен күтүүсүздөн Э.С.нын көкүрөк тушуна 2 жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча 122-берененин негизинде ("Адам өлтүрүү") кылмыш иши козголуп, шектүү катары 23 жаштагы Т.Р. кармалды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда дешет башкармалыктан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18040
