Ташиевдин сурактагы видеосунун тарашы боюнча министрликтин комментарийи
651
Ички иштер министрлиги Камчыбек Ташиевдин сурак учурундагы видеосу социалдык тармактарга кандайча жарыяланып кеткени белгисиз экенин маалымдады.
Министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов Ташиевдин жана "75чилердин каты" боюнча башка айыпталуучулардын сурак учурундагы видеолорунун таралышына саясий өңүт бербөөнү суранды.
"Тергөө учурунда видеотасмалар тергөөчүнүн каалоосу боюнча жаздырылышы мүмкүн. Бирок бул материалдар кантип коомчулукка жайылып кеткенин же аларды ким таратканын билбейм", - деди басма сөз кызматынын башчысы.
Белгилесек, интернет желесине "75чилердин каты" боюнча сурак бергендердин, анын ичинде УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин да видеосу тарап кеткен эле.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү
(19 статей)
"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты
2 Июль 2026, 21:22
"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти
2 Июль 2026, 17:13
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18041
