Президент жарандарды жылдык кирешеси 17% болгон баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды
RU

Президент жарандарды жылдык кирешеси 17% болгон баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды баалуу кагаздарга инвестиция кылууга чакырды. Өлкө башчы жарандардын финансылык абалын жакшыртууга жана алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусуна мүмкүнчүлүк бере турган демилге тууралуу Facebook баракчасына жазды.

Белгиленгендей, өкмөт калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарды. Каалаган жаран MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу оңой эле сатып ала алат.

"Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын берилет.

Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат", - деди президент.

Садыр Жапаров мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору экенин, мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен эң ишенимдүү инструмент деп белгиледи.

"Ошондуктан мен ар бир жараныбызды аталган демилгени колдоп, ага жигердүү катышууга чакырам. Жакын арада мамлекеттик баалуу кагаздардын кайра сатуу функциясы иштелип чыгат", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18045