Президентке бут кийим тартуу кылган уста: Дагы көбүрөк акча табам деп банкрот болгом
Колго бут кийим тигүү жөн гана кесип эмес, бул чоң эмгекти жана чеберчиликти талап кылган өнөр. Kaktus.kg редакциясы бул жолу дал ушул өнөрдү аркалап келе жаткан Алмаз Өмүр менен маектештик.
Белгилей кетсек, Алмаз мырза буга чейин президент Садыр Жапаровго арнап бут кийим тигип, эмгегин өлкө башчыга тартуу кылганга да жетишкен.
Уста териден бут кийим, кур, сумка тигип, бренд түптөсөм деген максатта ишин баштаган. Буга чейин бир нече жыл башка тармакта да өзүн сынап көргөн. Кийин кайра эле кол өнөрчүлүккө кайтып, бүгүнкү күндө өндүрүш жагын өзү көзөмөлдөсө, сатуу жагынан кыздары жардамдашып турат экен.
"2010-жылы бут киийм тигүү ишин 350 сом менен баштагам. Анда кардарлардан кандай буюртма түшсө ала берчүмүн. Кийимден баштап, эмерекке чейин буюртмаларды алдым. Ошентип жүрүп тажрыйба топтодум. Бирок азыр бардык эле нерсени тиге бербей, бир багыттуу болуш керек экенин түшүндүм. Бүгүнкү күндө "Бүркүт" деген моделдеги бут кийимдерди, курду тигүүгө токтолдум", - дейт.
Уста бир гана мырзалардын бут кийимин тигүү менен чектелбейт. Ал айымдарга да бут кийим тигүү тажрыйбасы бар экенин, италиялык туфлилерди үлгү кылып тигип көргөнүн айтат. Бирок кыз-келиндердин бут кийимин тигүүгө салыштырмалуу мырзалардыкы жеңилирек дейт.
"Айымдардын да бут кийимин тиктим, жакшы эле аракет кылдым. Бирок кыз-келиндердин оюн табуу кыйын экен. Ал эми мырзалардын бут кийими көбүнчө стандарттуу болот да, алар көп деле талап коё бербейт", - деп белгилейт.
Алмаз мырза бут кийимди колго тигет, анын устаканасында жабдыктар жок. Айтымында, рыноктогу бут кийимдер стандарттуу, себеби баары фабрикадан чыгат. А бирок кол эмгек кылгандар аз, учурда бул рынокто конкуренция дээрлик жок, суроо-талап жакшы дейт.
"Бут кийимдерди колго тиккенимдин себеби - азыр рынокто стандарттуу бут кийимдер көп. Ал эми кол эмгекке суроо-талап бар, бирок товар аз. Өзүм жалгыз тиккендиктен жетишпей калам. Ошондон улам жылбай отуруп, бир күндө 3-4 бут кийим чыгарганга аракет кылам. Анын үстүнө президентке бут кийим тигип, коомчулукка чыккандан бери буюртмалар арбыды. 15-20 күндүк буюртма турат", - деп иши илгерилеп жатканын белгиледи.
Өндүрүшкө ата мекендик материалдарды колдонот экен. Эл арасында бааланган Италия терисинен да бут кийимдерди тигип көргөнүн айткан уста терилердин айырмасы баасында гана эмес дейт.
"Бут кийимдерди, курларды ата мекендик териден тигем. Тажрыйбамда башка жактын материалдарын да колдонуп көргөм. Бирок түс берүүдө, клей колдонууда көйгөйлөр жаралат экен. Ал эми баадагы айырмачылык 10 сомдой эле, биздики арзанырак. Ошондон улам ата мекендик терилерден өтөрү жок экен дедим. Колго бут кийим тигүү чыдамкайлыкты талап кылат. Кээде менин ишимди карап отуруп эле чарчап кеткендер болот. Менде жеке бренд чыгарам деген максат болгон үчүн чыдап, өзүмдү-өзүмдү камчылап турам".
Кол өнөрчүлүктөн курулуш тармагына өткөндө Алмаз Өмүр ири суммага банкрот болуп, финансылык маселе жаралган. Анын айынан 1-2 ай убактылуу кармоочу жайда отуруп чыккам дейт. Карыздар болуп калганда өзүнө дем берүү үчүн президентке жолугууну чечкен.
Чоң аталарым колунан көөр төгүлгөн уста болушкан экен. Бирок мени устачылык менен алектенүүгө жашоо көбүрөк түрттү. Анткени бут кийим тигип, жергиликтүү рынокко чыгууга жетишип калганда, дагы көбүрөк акча тапкым келип башка тармакка секиргем. Курулуш тармагына өткөндө ишим жакшы башталып, ортодо карыздар болуп калдым.
"Ошондо 1-2 ай тергөө абагына отуруп чыктым. Кийин командамда иштеген балдар "сизди биз эле банкрот кылдык" деп моюндашкан. Жалпысынан 350 миң долларга чейин карызданып калдым. Азыр ошол карыздарды төлөп жатам, кутула элекмин", - деп ийгиликсиз тажрыйбасын эскерди.
Бул окуядан кийин Алмаз Өмүр айласы кетип, өзүнө дем берүүнүн жолун издей баштаган. Ошондо өлкө башчы Садыр Жапаровго жолугууну чечкен экен. Айтымында, президент да убагында көптөгөн кыйынчылыктарды көрүп, ошонун баарын жеңип чыккан.
"Карыздан кутулайын десем эч нерсем жок болчу. Күтө тургула десем мүмкүнчүлүк беришкен жок. Айлам кеткенде "өзүмдү 100 миң долларга сатам" деп чыккам. Бул абалдан чыгуунун жолун президентке жолугуудан көрдүм. Анткени, ал киши да көп кыйынчылыктарды көргөн. Ага жолуксам эле жеңилдейм, энергия алам деп ойлогом. Ошентип президентке жолугам деп өзүмө мотивация бере баштадым. Өлкө башчыга көйгөйүмдү айтайын деп эмес, жөн эле жолугуп, күч-кубат алгым келген", - дейт.
Алмаз Өмүр президентке жолугуу үчүн бут кийим тигүүнүн үстүнөн иштеп баштаган. Акыры өлкө башчыга жолугуп, учурашып, бут кийимин тартуулап, 10 миң доллар сый акы алган. Ал акчага ишканага керектүү жабдык алам дейт уста.
"Президентке жолуккандан кийин дал ошондой моделдеги бут кийим тигип бер дегендер болуп жатат. Бирок президенттин бут кийими эксклюзив бойдон калат, башкача кылып тигип берейин дедим. Азыр "акчасын ойлонбой эле тигип бер" деген кардарлар болуп жатат", - деп соодасы кызып жатканын белгииледи.