Президент: МИК мындан ары Бишкек, Ошто жана облустук борборлордо турак жай курбайт
1414
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) мындан ары Бишкекте, Ошто турак жай курууну токтотот. Бул туурасында Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Президенттин айтымында, мындан ары айылдарга жана башка шаарчаларга көңүл бурулат.
"Мурда Бишкек менен Ошто жана облустук борборлордо турак жайларды салып жатканбыз, билесиздер. Азыр биз анын баарын токтотуп, айылдарга, райондук борборлорго жана чакан шаарчаларга өтүп жатабыз. Анткени айылдарда кезекте турган адамдар көп экен, алар чыдабай баратат", - деген президент.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18091
