Кегетиде сууга аккан 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда
RU

Кегетиде сууга аккан 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жашар баланы издөө иштери уланууда. Чүй токой-аңчылык чарбасынан кабарлашкандай, мүмкүн болгон аймактардын баары тыкыр каралууда.

Учурда издөө иштерине куткаруучулар менен катар Чүй токой-аңчылык чарбасынын кызматкерлери дагы активдүү катышып, суунун жээктерин жана кооптуу тилкелерди текшерүүдө.

Белгилесек, 23-июнда капчыгайдагы сууга унаа түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги 2014-жылы туулган М.У. аттуу кыздын жансыз денеси ошол эле күнү табылган. Ал эми 2020-жылы туулган М.У. аттуу баланы издөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18095