"Мезгилдик жумушка барган". Германияда 18 жаштагы кыргызстандык каза болду
827
Германиянын Хёкстер шаарында кыргызстандык жигит каза болду. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Окуя 23-июнда Хёкстер шаарына жакын жердеги көлдө болгон. Анда 2008-жылы туулган А.А.К. аттуу кыргызстандык бала көлгө түшүп жатканда каза болгон.
Ал Германияга "Ferienjob" программасынын алкагында сезондук эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн барган.
Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги Германиянын компетенттүү органдары, иш берүүчү жана каза болгон жарандын жакындары менен байланышкан. Учурда сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18103
