Эльвира Сурабалдиева абактагы Аскат Жетигенди эркиндикке чыгарууну суранды
Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында акын Аскат Жетигенди абактан бошотуу демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, ырайым кылуу боюнча жылыш жүрүп жатат.
"Айрымдары ырайым алышты, бул үчүн президентке жана УКМК жетекчисине ыраазычылык билдирет элем. Бүгүнкү күндө Аскат Жетиген түрмөдө отурат. Анын ырайым сурабаганынын бир себеби бар экен. Угушума караганда, ал катуу сабалыптыр. Кыргыздардын мүнөзү кандай? Сабалса көгөрүп, эч нерсе сурабай отуруп алабыз. Акындын мүнөзү да ушундай окшойт.
Мен суранат элем, ал балабызды да бошотуп бериңиздерчи. Акындарыбыз темир тор артында отурбасын, камалбасын. Мүнөзү курч кыргыз сүйлөп койсо, эртеси келип куугунтукталбасын. Парламентте деле 90 депутатты сөккөн учурлар болду, ошондо деле ал адамды кечирип жүрбөдүк беле. Ошондуктан сураныч, акындын иши боюнча бийликке туура позицияны жеткирип, аны бошотуп берүүңүздөрдү өтүнөм", - деди Сурабалдиева.
Белгилесек, Аскат Жетиген "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" жана "Массалык башаламандыктарга чакыруу" менен айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган. Айыптоолор акындын социалдык медиадагы видео билдирүүлөрүнөн келип чыккан, анда ал бийликтин аракеттерин сындаган.

