Кегетиде сууга аккан 6 жаштагы баланы миңден ашык адам издеп жатат
RU

Кегетиде сууга аккан 6 жаштагы баланы миңден ашык адам издеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кегети капчыгайында дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда. Чүй ОИИББден билдиришкендей, бүгүкү күндө издөө иштерине 1000ден ашуун адам тартылды.

Белгилесек, 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында "Фольксваген Пассат" үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суунун агымына агып кеткен. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси ошол эле күнү табылган.

Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек. Издөө иштерине катышып жаткан ыктыярчылар баланын кийими табышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18108