Автобуста 16 жаштагы кызга тийишкен киши кармалды
1498
Бишкекте автобустардын биринде жашы жете элек кызга тийишкен жаран аныкталып, кармалды. Маалыматты шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя 28-июнда болжол менен саат 17:30 чамасында болгон. Кыздын апасы милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган М.А. аттуу кызы коомдук транспортто баратканда жанында отурган белгисиз киши оң санын кармап, мыйзамсыз аракеттерди жасаганын айткан.
Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө шектүү катары 1991-жылы туулган Б.А. кармалды.
Бишкек милициясы жарандарды мындай фактыларга кайдыгер карабоого жана өзгөчө жашы жете электерге карата жасалган мыйзамсыз аракеттер тууралуу дароо күнү-түнү иштеген "102" кыска номуру аркылуу билдирүүгө чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18130