Бишкекте кыздарга тийишти деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде эртең менен эрте кызга тийишкен киши кармалды. Шектүүнүн андан башка дагы кызга тийишип, шымын чечип, ыплас жорукту жасаганы айтылып, видеосу интернетке тараган.
Аталган факты боюнча Ленин РИИБи текшерүү жүргүзө баштаган. Ошондой эле 2001-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүү катары 1998-жылы туулган У.Ш. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
"Тергиштирүү учурунда шектүүнүн психикалык саламаттыгына байланыштуу мүмкүн болгон белгилер аныкталып, анын абалын баалоо үчүн адистештирилген психиатриялык бригада чакыртылган. Кароонун жыйынтыгында жаран андан аркы медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешет Ленин РИИБден.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
