Ысык-Көлдө нөшөрлүү жаандан улам эс алуучу жайларды, турак үйлөрдү суу каптады
RU

Ысык-Көлдө нөшөрлүү жаандан улам эс алуучу жайларды, турак үйлөрдү суу каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жана Ысык-Көл районунда нөшөрлүү жаандан улам каналдарга суу батпай, суу каптоо жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан маалымдашты.

1-июлда кечке маал Чолпон-Ата шаарында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Арал сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, бетон заводдун аймагын жана жатаканаларын суу каптаган. Андан тышкары бир турак үйдүн жер төлөөсүнө суу кирип, "Арча Макс" конок үйүнүн, "Лукаморье" эс алуу жайынын короолорун суу каптап, куткаруучулар эс алуучу жайдан 24 адамды эвакуациялашкан.

Ошондой эле катуу жааган жамгырдан суунун деңгээли көтөрүлүп, Чок-Тал сайынынын жээгин жеп кеткен. 2-июлга караган түнү Тору-Айгыр айылындагы бир көчөнү суу каптап, 6 турак үйдүн короосуна суу кирген. Чоң-Сары-Ой айылындагы Орто-Кой суусунун деңгээли көтөрүлүп, сайдан ашкан.

2-июлга караган түнү Ысык-Кѳл районунун Григорьевка капчыгайында нөшөрлүү жаандан улам Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрө иштен чыккан. Аталган көпүрө аркылуу өтүүчү унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн каттамы толугу менен токтотулду.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок. Учурда суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча жеринде тиешелүү кызматтар, техникалар иштеп жатат.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18150