Эми пенсияга чыгууда маалымкат чогултуп убара тартпайсыз. Жаңы система ишке кирет
Социалдык фонд пенсия курагына жеткендерге жана майыптык боюнча пенсияларды чегерүү процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы автоматташтырылган маалыматтык тутумду ишке киргизет.
Жаңы система ишке кирсе жарандар маалымкаттарды чогултуп, Соцфонддун бөлүмдөрүнө убара болуп барбайт.
Автоматтык система эмгек стажы, кирешелери тууралуу маалыматтарды өз алдынча топтойт, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык режимде тариздейт.
Пенсия курагына жетүүгө туура 1 ай калганда "Түндүк" тиркемесиндеги жеке кабинетке Соцфонддон билдирүү келет. Билдирүүнү ачып, пенсияны кайсы банктын картасы аркылуу алууну кааласа, ошол банкты тандап коюу жетиштүү болот.
Социалдык фонд пенсия курагына жакындап калгандарга "Түндүк" тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүүнү сунуштайт.
