Абактагы 61 соттолуучу кесиптик окудан өтүп, сертификат алышты
Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткандардын ичинен 61 адам кесиптик окуудан өтүп, сертификат алышты.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, соттолгондордун 35и бариста-официант кесибин, ал эми дагы 26сы тигүүчүнүн кесибин өздөштүрүшкөн.
Бүгүкү күндө соттолгондор 23 адистик боюнча кесиптик окуудан өтө алышат. 2025-жылдан 2026-жылдын башына карата өлкөнүн абактарынан жалпы 722 соттолуучу ушундай курстарга жазылып, 5 айдан 10 айга чейин окушкан.
Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1, №2, №8, №10, №16, №27 мекемелеринде жайгашкан 6 кесиптик окуу жайында жана филиалдарында соттолгондор эмгек рыногунда талап кылынган 15 кесип боюнча билим алышууда. Жалпы эсеп менен 681 соттолуучу кесиптик окуудан өтүп жатканы белгилүү болду.