Академик Мусаев: "Э тамгасы боюнча элдин реакциясын көрдүк, эл даяр эмес экен"
RU

Академик Мусаев: "Э тамгасы боюнча элдин реакциясын көрдүк, эл даяр эмес экен"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөртүү, өзгөчө Э тамгасын Е тамгасына алмаштыруу сунушу коомчулукта дүң болду. 30дан ашык окумуштуулар сунуштаган долбоорду көпчүлүк колдобой, биринчи сунушта эле көптөгөн нааразы пикирди жаратты.

Кыргыз тилинин орфографиясы боюнча сунушту иштеп чыккан атайын эксперттик топту жетектеген академик Сыртбай Мусаев жазуу эрежелерине байланышкан маселе тээ илгертен бери эле келе жатканын Kaktus.kg сайтына айтып берди.

"Алфавит, орфография маселеси кириллицага өткөндөн бери эле бар. Ортодо бир көтөрүлөт, анан токтоп калат, кайра көтөрүлөт, кайра эле ошол. Орустук идеологиялык саясатта жашап жатканыбыз үчүн ушул маселе чечилбей келе жатат. Эгемендик алдык дедик, бирок анда деле эрежелерди өзгөртүп сала албадык. Анткени орфография маселеси - чыр, талаш, татаал маселе. Бирине жакканы бирине жакпайт", - дейт академик.

Мусаев кирилл алфавитине өткөнгө чейин латын ариби колдонулганын, анда Э эмес, Е тамгасы болгонун айтат. Кириллицага өткөндө Е тамгасы йоттошкон тамгалардын бири катары колдонулуп калганын белгилейт.

"Ошентип кыргыздын сөздөрүнүн баары йоттошкон тамга менен жазылып калды да. Анан орустун тамгасындай жазып, орустун айтканындай сүйлөйлү деген эреже кирип калган. Мен тилчи катары китептеримди жазганда йоттошкон тамгаларды эмес, эки тыбыш менен жазып жүрдүм. 2016-жылы Алмазбек Атамбаев (2011-2017-жылдары президент болгон) чакырып, сураган. Мен ал кишиге түшүндүргөндөн кийин йоттошкон тамгаларды жазуу практикасында колдонбойбуз, бирок ал тамгаларды алфавиттен чыгарып салууга болбойт деген. Бирок бул иш бүтпөй калган", - деди.

Академик бүгүнкү күндө сабаттуулукту жоюу үчүн сөзсүз түрдө жазуу эрежелерин такташ керек деген маселе турат дейт. Анткени акыркы 2 жылда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга "алфавитти, орфографияны оңдобойсуңарбы, латын арибине өтпөйлүбү" деген сунуш-пикирлер көп түшкөн. Анын негизинде улуттук тил комиссиясы атайын топ түзгөн.

31 кишиден турган эксперттик топ 7 облус, 2 шаардан келген сунуштарды бир нече жолу карап, талкуулап, ушул жылдын 25-июнунда биринчи долбоорду коомго алып чыккан. Анда 36 тамгадан турган кыргыз алфавити сакталып, бирок жергиликтүү кыргыз сөздөрүн жазууда 28 тамганы (а, б, в, г, д, е, ж, з, и, й, к, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш, ы) колдонуу каралган. Ал эми Э жана Е тамгалары бир фонеманы билдиргендиктен, кыргыз тилиндеги сөздөрдү йоттошкон Е тамгасы менен гана жазуу сунушталган.

Сыртбай Мусаев дал ушул Э тамгасынын колдонулушу боюнча сунуш коомчулук тарабынан жаңылыш кабыл алынганын, мындан улам тепкиде калганын айтты. Эгерде бул маселени элге тапшырып койгондо, мынчалык чуу жаралмак эмес экен деген пикирин кошумчалады.

Бул долбоор ушу менен эле кабыл алынып кетпейт. Бул саясий маселе. Муну Жогорку Кеңеш талкуулап, кабыл алат. Ага чейин коомдун талкуусунан өтүшү керек.

"Тетири Э тамгасы орустарда анан бизде гана бар. Мен Атамбаевге тамгалардын колдонулушу боюнча сунушумда деле Е эмес, Э тамгасы менен жазалы дегем (мисалы: энэ, эрэжэ, мэнэн жана башка). Бүгүн сунушталып, талкуу болуп жаткан долбоордо менин абийирим таза. Болгону эксперттик топтун жетекчиси катары Э менен Е тамгаларынын жазуу практикасында колдонулушу боюнча сунушка макул болуп коюптурмун. Бул чыр маселе, аны эл өзү чечсин деп койбоптурмун. Азыр бул идеяны мен көтөрүп чыккандай эле талкуу болуп, ар кандай сөздөр менен тепкилеп жатышат. "Таз" дешти, "калмак" дешти, "камаш керек" дешти, "наамдарынан ажыратыш керек" дешти жана башка сөздөрдү айтышты", - дейт.

Атайын эксперттик топтун төрагасы мындан ары Э менен Е тамгалары боюнча сунуш талкууланбайт деген пикирин билдирди. Айтымында, аталган тамгалардын колдонулушу боюнча коомчулуктун ою белгилүү болду жана мындан ары талкуулоонун кажети жок.

"Эгерде кирилл алфавитинде калсак 8 тамга боюнча маселе (е, ё, ю, я, ц, щ, ъ, ь) көтөрүлө берет. Ал эми башка алфавитке өтсөк бул маселе өзүнөн-өзү чечилет. Ал эми Э тамгасы боюнча маселе мындан ары көтөрүлбөйт. Элдин пикирин уктук, реакциясын көрдүк. Талкуулардан кийин коомчулук орфографиялык өзгөртүүлөргө даяр эмес экенин сездим", - деген оюн билдирди.

Мусаев учурдагы маселе кыргыз тилинин орфографиясында жана жарандардын өзүндө деген ойдо. Ошондой эле көп учурда жазуу эрежелери сакталбагандыктан сабаттуу жазуу көйгөйү чечилбей келерин кошумчалады.

"Татаал сөздөрдүн жазылышы боюнча маселе бар. Андан тышкары кайсы сөздү баш тамга менен, кайсы сөздү кичине тамга менен жазабыз деген чоң көйгөй бар. Бирок жакшы, туура жазылган эрежелер бар, алар сакталбай жатат. Мындайча айтканда, кемигинде да, керкисинде да бар", - дейт академик.

Кыргыз тилинин орфография жана орфоэпия эрежелери боюнча сунуш алдыда дагы толукталып, иштелип чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18199