Бишкекте 7 жаштагы баланы унаа коюп кетти
RU

Бишкекте 7 жаштагы баланы унаа коюп кетти

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте айдоочу 7 жаштагы баланы сүзүп, бир нече метрге чейин сүйрөп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, окуя 9-июлда Манас жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Kia Morning унаасынын айдоочусу 2019-жылы туулган баланы коюп, бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Андан кийин башка унааны сүзүп токтогон. Жабыркаган бала тез арада ооруканага жеткирилген.

Учурда унаа айып короого киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18220