Арпа өрөөнүндө ток менен балык уулаган чет элдиктерге 10 миң сомдон айып салынды
Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча чет элдик 4 жаран аныкталып, кармалган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигининен кабарлашкандай, алардын ар бирине айып салынды.
"Ток менен мыйзамсыз балык кармаганды үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ар бирине 10 000 сомдон, жалпы 40 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, жайыт жерлеринде автоунаа менен мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн 5 500 сом айыпка жыгылды", - дешет министрликтен.
Окуя боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп, материалдар андан аркы мыйзам чегиндеги чараларды көрүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилгени кабарланды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18239
