Кызы таратып... Айгүл Жапарованын атынан "Алтын балалык" борборуна белек тапшырылды
RU

Кызы таратып... Айгүл Жапарованын атынан "Алтын балалык" борборуна белек тапшырылды

Все самое интересное в Telegram

Биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан "Алтын балалык" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга белектер тапшырылды. Бул туурасында Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Кайрымдуулук акциясы биринчи айымдын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп, балдарга көңүл бурулуп, камкордук көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланып келет", - деп айтылат маалыматта.

Быйыл "Алтын балалык" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8000ге жакын бала эс алат. Алар үчүн толук кандуу эс алуу, ден соолугун чыңдоо жана кызыктуу убакыт өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Буга чейин социалдык тармактарга президенттин кызы биринчи жолу өз алдынча эл алдына чыгып, "Алтын балалык" комплексиндеги балдарга белек таратты деген видео тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18241