Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды
RU

Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

Все самое интересное в Telegram

Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, райондук сот 13-июлда ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Ага ылайык, Ташиевдин камактагы мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев 1-апрелде "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы коррупциялык схема боюнча тергөөнүн жүрүшүндө кармалган. Мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланган.

Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирген зыянды толугу менен төлөөгө тийиш экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18255