Дагы бир категориядагы унаалардын терезесин 6000 сом менен караңгылатуу сунушталды
RU

Дагы бир категориядагы унаалардын терезесин 6000 сом менен караңгылатуу сунушталды

Все самое интересное в Telegram

Президенттин иш башкармалыгы айрым категориядагы унаалардын алдыңкы каптал каптал терезелерин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыкты.

Документке ылайык, Кыргыстанга убактылуу кирген чет өлкөлүк номердеги унаалардын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатуунун баасы 6000 сомду түзөт. Ал эми элктромобилдер үчүн 4000 сом болот.

Демилгечилер бул Кыргызстанга убактылуу эле келген унааларга тиешелүү экенин билдирет. Уруксат алты айга чейин жарактуу болот.

Белгилей кетсек, өлкөдө унаанын алдыңкы каптал айнегин караңгылатуу 50 000 сом (жеке адамдар үчүн) жана 70 000 сом (юридикалык жактар ​​үчүн) турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18276