Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды
RU

Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды

Все самое интересное в Telegram

Ошто милиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июлда саат 3:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз киши бычактан алган жаракатынан улам каза болгону кабарланган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 1997-жылы туулган М.Ф. экени аныкталган. Ал болжол менен саат 4:10до кармалган.

Факты боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18283