Чоң Чүй каналынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү чыгарылды
Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналынан 3 күндөн бери изделип жаткан 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды.
Маалым болгондой, маркумду издөөгө жергиликтүү тургундар, ыктыярчылар жана куткаруучулар тартылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө бүгүн, 21-июлда саат 10:10 чамасында жигиттин сөөгү суудан чыгарылды.
Белгилесек, 2004-жылы туулган А.Ю. достору менен сууга түшүүгө барып, каналга секиргенден кийин кайра чыкпай калган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18308
