22 жаштагы кыз Ысык-Көлдө зордукталганын айтты
RU

22 жаштагы кыз Ысык-Көлдө зордукталганын айтты

Все самое интересное в Telegram

22 жаштагы кыз Бостеридеги пляжда зордукталганын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан ырастады.

Жабырлануучу 21-июлга караган түнү пляждагы чатырда 31 жаштагы У.А. аны зордуктаганын айткан. Бул боюнча экспертизалар дайындалып, шектүү сурак берүү үчүн тергөөгө жеткирилгени кабарланды.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, далилдерди чогултуу жана процессуалдык чечим кабыл алуу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18334