Камактагы Шаирбек Ташиевдин СИЗОдо эмес экени айтылды
Бир нече ай мурда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиев соттун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО) жөнөтүлгөн. Бирок Kaktus.media сайтына өздүк булактар Ташиев тергөө абагында эмес, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында экенин билдиришти.
Айтымындарында, Шаирбек Ташиев №1 тергөө абагында бир да күн кармалган эмес. Ал ушунча убакыттан бери убактылуу кармоочу жайда эле болгон.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өз кезегинде Kaktus.media редакциясына тергөө органдарына кайрылуу керектигин билдирди.
Ал эми Ички иштер министрлигинен Шаирбек Ташиев боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын, ошондуктан ал тергөө изоляторуна которулбаганын, учурда убактылуу кармоочу жайда экенин билдиришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18338
