Мыйзамсыз митингге чакырык таштоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды
Бишкектин тургуну мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасады деген шек менен кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында Threads социалдык тармагындагы "Slivy_telegramm" (мурунку аталышы - beksultankg99) аккаунту аныкталган.
"Аталган аккаунт аркылуу Кытай Эл Республикасынын жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар жарыяланган. Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-июлуна Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырык болгон", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча 278-берененин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери социалдык тармактын колдонуучусун аныктап, ал 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга №21 (СИЗО-1) мекемесине камалды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон тергөө амалдары улантылууда.