Юстиция министри жерди дароо 49 жылга эмес, алгач 10 жылга берүү каралып жатканын айтты
RU

Юстиция министри жерди дароо 49 жылга эмес, алгач 10 жылга берүү каралып жатканын айтты

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандын юстиция министри Аяз Баетов инвесторлорго 49 жылга чейин ижарага жер берүү маселеси жана кытайлык мигранттар боюнча түшүндүрмө берди. Ал билдирүүсүн социалдык тармакка жарыялады.

Айтымында, чет элдиктерге 49 жылга жер берүү мыйзамы 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Бирок ижарага алынган жерлерге эч нерсе салбай жөн эле кармап жаткандар бар экендигин билдирди.

"Чет өлкөлүктөр эле эмес, биздин өзүбүздүн жарандар да бар. Мындан улам президент: "Дароо эле 49 жылга эмес, биринчи 10 жылга берели. Инвестиция салса 25 жылга узарталы. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы толук салса анан 49 жылга узарталы. Ушул маселени карап көргүлө", деген. Азыр каралып жатат.

Албетте жерлерибиз резина эмес. Мурдагы эле берилген жерлер жөнүндө кеп болуп жатат. Жаңы жерлер бериле турган болсо жогорудагы шарттар менен мамлекеттин гана пайдасына берилет", - деди Баетов.

Юстиция министри чек ара кызматынын маалыматына таянып, Кыргызстанга кирип-чыккандардын саны боюнча Кытай жарандары 5-орунда турарын айтты.

"Эң негизгиси виза менен келишет, виза мөөнөтү аяктаганда кайра чыгып кетишет. Миграциялык абал толук мамлекеттин көзөмөлүндө. Албетте, иштегени келгендер көптүк кылат. Себеби кылым долбоорлору ишке ашырылып, завод-фабрикалар салынууда. Кытай туристтери аз", - деп белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызы учурда 1 миллиард 377 миллион 12 миң 993 доллар калганын билдирди. Министр Кытай Эл Республикасынан Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 миң 530 доллар карыз алынганын, 2020-жылдан бери бир доллар да карыз алынбаганын баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө 419 миллион 840 миң 537 доллар кайтарылып, карыздар өз убагы менен төлөнүп жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18355