"Тамчы" аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол маал-маалы менен жабылат
RU

"Тамчы" аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол маал-маалы менен жабылат

Все самое интересное в Telegram

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Ысык-Көл районунун тургундарына жана көлгө барууну пландаган эс алуучуларга кайрылды. Ал 30-июлдан 1-августка чейин "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабыларын эскертти.

Айтымында, ушул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиев мамлекеттик сапар менен Ысык-Көлгө келишет.

"Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда Борбор Азия-Азербайжан саммити да дал ушул күндөргө мерчемделген. Мындан улам убактылуу ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурайбыз", - деди Алагөзов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18369