Kaganat Resort, "Аврора групп" компанияларынын тең негиздөөчүсү кайрадан кармалды
Kaganat Resort жана "Аврора групп" компанияларынын тең негиздөөчүсү Азрет Боотаев кайрадан кармалды. Бул туурасында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Kaktus.media`га билдиришти.
Айтымдарына караганда, 27-июлда Азрет Боотаев кыргыз-казак чек арасынан өтүп бара жатканда ИИМдин Тергөө кызматынын көрсөтмөсү менен кармалган. Ал дароо эле Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эртең, 29-июлда сот анын бөгөт чарасын аныктайт.
Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурда "Аврора" бизнес борбору тергөө органдары тарабынан толугу менен жабылган.
Эскерте кетсек, Азрет Боотаев 2023-жылдын 4-октябрында, кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөн күнү кармалып, камакка алынган. 2023-жылдын декабрь айында ал СИЗОдон чыккан. Мамлекеттик бюджетке 356 миллион сом төлөп, кыймылсыз мүлк менен камсыз кылган.
