Kaganat Resort, "Аврора групптун" тең негиздөөчүсү 2 айга камалды
Kaganat Resort`тун тең негиздөөчүсү жана "Аврора групп" компаниясынын ээси Азрет Боотаев 27-сентябрга чейин СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Соттун маалыматы боюнча, Боотаев кылмыштуу уюмдун курамында жасалган ири көлөмдөгү алдамчылыкка көмөктөшкөн жана аны колдогон деп айыпталууда.
Азрет Боотаев 27-июлда кыргыз-казак чек арасынан өтүп бара жатканда кармалган. Ал Алматыдан Бишкекке кайтып келе жаткан.
Эскерте кетсек, Боотаев мурда 2023-жылдын 4-октябрында кармалган. Ал ошол жылдын декабрь айында тергөө абагынан бошотулуп, мамлекетке 356 миллион сом төлөп, кыймылсыз мүлк менен камсыз кылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18392
