Өкмөттүн эскертүүлөрүнө карабастан Чолпон-Атага бараткан жолдо тыгын жаралды
RU

Өкмөттүн эскертүүлөрүнө карабастан Чолпон-Атага бараткан жолдо тыгын жаралды

Все самое интересное в Telegram

Бүгүн, 30-июлда Ысык-Көлгө бараткан жолдо тыгын жаралып, видеолору социалдык тармактарга жарыяланды.

Эскерте кетсек, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Атага баруучу жол 30-июлдан 1-августка чейин мезгил-мезгили менен жабыларын эскерткен. Чектөөлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарларына байланыштуу экени кабарланган.

Алдын ала эскертүүлөргө жана сунуштарга карабастан, жолдун айрым бөлүктөрүндө унаалардын узун кезеги жаралды.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18400