Бишкекте ток урган 9 жаштагы бала каза болуп калды
RU

Бишкекте ток урган 9 жаштагы бала каза болуп калды

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте токко урунган тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болду. Бул тууралуу жеткинчектин апасы социалдык тармакка жазды.

"Аллах уулумду өзүнүн жанына алып кетти. Өзүмдү коёрго жер таппай турам", - деп жазды уулунан ажыраган эне.

Белгилесек, окуя 26-июлда алтынчы кичи райондо болгон. Бала теңтуштары менен көчөдө ойноп жатып токко урунган. Жабыркаган бала комага түшүп, клиникалык өлүмгө дуушар болуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Ибрахимдин апасы буга чейин бийликтен бул маселени иликтеп, окуяга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18426