Тоңдо унаалар кагышып, 8 жаштагы бала каза болду
Ысык-Көлдүн Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 8 жашар бала каза болду. Дагы бир нечеси жаракат алды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 3-августта Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 100-чакырымында болгон.
1960-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну К.Т. айдаган Golf унаасы негизги жолго чыкканда 1994-жылы туулган Р.А. айдаган Chevrolet Monza унаасы менен кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен 8 жаштагы Ж.Б. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми жаракат алгандар Тоң райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18438
